Ыктыярчылык ишти өнүктүрүү Концепциясын ишке ашыруу иш-чаралар планы талкууланды

Февраль 27, 2025 - 22:36
 23

Бүгүн, 27-февралда OloloYurt борборунда Кыргыз Республикасында ыктыярчылык ишти өнүктүрүү Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын расмий бет ачары өттү.

Ага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев катышып, ыктыярчылар – өлкөбүздүн өнүгүүсүнө ар тараптан салым кошуп жатканын белгилеп, алдыда ыктыярчылык кыймылын колдоого багытталган бир катар маанилүү пландар жана демилгелер бар экенин, министрлик ыктыярчылык кыймылын ар тараптуу колдоону жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү улантарын айтып өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, негизги өнөктөштөр, ыктыярчылык жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрү жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө “2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында ыктыярчылык ишти өнүктүрүү Концепциясын ишке киргизүү боюнча жана “Ыктыярчылык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу иш-чаралар планынын” бет ачары ошондой эле “Ыктыярдуулуктун үнү: медиа инсандар кантип жакшы иштерге шыктандырышы мүмкүн”, “Корпоративдик ыктыярчылык. Бизнес адамкерчиликтин тиреги”, “Ыктыярчылардын мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларга катышуусу. Мамлекеттик социалдык заказ”, “Ыктыярдуулук аркылуу көйгөйлөрдү кантип көрсөтүү жана чечүү жолдорун сунуштоо керек” аттуу темаларда панелдик талкуулар, суроо-жооптор орун алды.

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан “Ыктыярчылык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесин ишке ашыруу максатында 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында ыктыярчылык ишти өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө долбоору иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 771 токтому менен кабыл алынган. Аталган токтомго ылайык 2025–2030-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасында ыктыярчылык ишти өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилген.