Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков 2025-жылдын 17-сентябрында Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарында өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин маданий кызматташтык боюнча Кеңешинин 40-жыйынына катышты.
Жыйындын жүрүшүндө Союзбек Надырбеков доклад жасап, КМШ алкагында маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал өз сөзүндө маданий диалогду өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга жана өлкөлөрдүн маданий мурастарын сактоого жана жайылтууга багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурду.
Ошондой эле ал бардык КМШга мүчө мамлекеттерди 2025-жылдын 12–15-ноябрында Ош шаарында өтө турган «АРТ ЭКСПО 2025» эл аралык көргөзмөсүнө катышууга чакырды.
Жыйындын катышуучулары маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүнүн жана КМШ алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Жыйындын жыйынтыгы боюнча КМШга мүчө мамлекеттердин маданий кызматташтык боюнча Кеңешинин 40-жыйынынын күн тартибиндеги пункттар боюнча чечимдер долбоору жактырылды.