2025-жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы Туруктуу координатору айым Антье Граве менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар Туруктуу өнүгүүнүн максаттарын (ТӨМ) ишке ашыруу алкагында кызматташуу маселелерин талкуулады. Айрыкча жаштарды колдоо, маданиятты өнүктүрүү жана маалыматка жеткиликтүүлүктү кеңейтүү багыттарына өзгөчө көңүл бурулду.
Жаштар саясатын ишке ашырууда күч-аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгү белгиленип, жаш муунду туруктуу өнүгүү процесстерине активдүү тартуу зарылдыгы айтылды. Тараптар жалпы максаттарга жетүүгө багытталган биргелешкен демилгелердин алкагында мындан аркы кызматташтыктын маанисин белгиледи.
Министр Бириккен Улуттар Уюмунун артыкчылыктуу багыттарды жүзөгө ашыруудагы ишенимдүү өнөктөш катары системалуу ролун, атап айтканда, жаштардын потенциалын өнүктүрүүдө, креативдүү индустрияларды колдоодо жана маданий мурасты сактоодо кошкон салымын белгиледи.