Бүгүн, 17-июнда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саидикрам Ниязходжаев менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда тараптар кыргыз-өзбек маданий кызматташтыгын кеңейтүү боюнча маселелерди талкуулады. Айрыкча биргелешкен маданий программаларды ишке ашыруу, чыгармачыл топтор менен иш алып баруу, маданий демилгелерди колдоо жана жаштарга багытталган долбоорлорду өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурулду.
Министр Мирбек Мамбеталиев маданий диалог эки элдин ортосундагы боордоштук мамилени жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө өбөлгө болорун белгиледи.
"Маданият — элдерди бириктирген көпүрө. Биздин кызматташуубуз мындан да натыйжалуу жана ар тараптуу болушун каалайбыз", - деди министр.
Өз кезегинде элчи Саидикрам Ниязходжаев министрдин жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы маданий байланыштардын маанилүүлүгүн белгиледи. Ал жакынкы келечекте ишке ашырууга мүмкүн болгон бир катар сунуштарды берди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызматташтыкты улантып, маданий байланыштарды бекемдөөгө жана тажрыйба алмашууга багытталган долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча конкреттүү пландарды иштеп чыгууга макулдашты.
Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишеним артарын билдирди.