Ош шаарында театр сүйүүчүлөрү, чыгармачыл инсандар жана маданий коомчулук үчүн өзгөчө күн болду. Театр дүйнөсүнүн чоң майрамына айланган XIII Республикалык театр фестивалы ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Маданий иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Ош шаарынын мэринин орун басары Салтанат Аманова, театр кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.
Бул ири иш-чарага өлкөбүздүн булуң-бурчунан келген 14 театр катышып, ар түрдүү жанрлардагы спектаклдерди тартуулашты.
Фестиваль театрлар арасындагы чыгармачыл байланыштарды чыңдоого, аймактар аралык ынтымакты бекемдөөгө, жаңы таланттарды ачууга жана тажрыйба алмашууга чоң өбөлгө түздү.