РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕАТР ФЕСТИВАЛЫНДА 19 НОМИНАЦИЯ БОЮНЧА СЫЙЛЫКТАР ТАПШЫРЫЛДЫ

Сентябрь 24, 2025 - 10:15
 7

Республикалык театр фестивалы ийгиликтүү жыйынтыкталып, төмөнкү номинациялар боюнча сыйлыктар тапшырылды: “Фестивалдын мыкты спектакли”- Мамлекеттик “Учур” жаштар театрынын “Чиркин өмүр” спектакли;
- “Эӊ мыкты режиссура” - “Эне” спектакли үчүн Уланмырза Карыпбаев;
- ⁠“Эң мыкты сценография” - Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры;
• Көрүүчүлөрдүн симпатиясы - Токтогул Ажибаев атындагы Алай музыкалык драма театры;
• Калыстар тобунун атайын байгесин Касымалы Жонтөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры “Эр-Төштүк” спектакли;
• “Эң мыкты музыкалык жасалгалоо” Чүй облустук Шаршен Термечиков атындагы драма жана сатира театрынын “Илегилек” спектакли;
• “Аялдын образын мыкты жараткандыгы үчүн” Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын “Эне” спектаклинде “Назинин” ролу үчүн КРнын эл артисти Шайгүл Алсеитова;
• “Эркектин образын мыкты жараткандыгы үчүн” Чүй облустук Шаршен Термечиков атындагы драма жана сатира театрынын “Илегилек” спектаклинде “Чалдын” ролу үчүн Кадыр уулу Нурсултан.,
• “Экинчи пландагы эркектин образын мыкты жараткандыгы үчүн” Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын “Эр-Төштүк” спектаклинде “Эламандын” ролу үчүн Эрлан Казакбаев;
• “Экинчи пландагы эркектин образын мыкты жараткандыгы үчүн” Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын “Кыямат” спектаклинде “Базарбайдын” ролу үчүн Бакытбек Мойдунов;
• “Экинчи пландагы аялдын образын мыкты жараткандыгы үчүн” Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын “Эне” спектаклинде “Гүлсүндүн” ролу үчүн КРнын эмгек сиӊирген артисти Альбина Имашева;
• Эпизоддук ролду мыкты жараткандыгы үчүн Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын “Биринчи мугалим” спектаклинде “Жеӊенин” ролу үчүн Рахима Дүйшөналиева;
• Эпизоддук ролду мыкты жараткандыгы үчүн Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрынын “Каргыш” спектаклинде “Манасчы-дастанчы” ролу үчүн Кулмат Сыдыков;
• Эӊ мыкты дебют (“үмүт”) байгеси Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек академиялык музыкалык драма театрынын “Жусуп” спектаклинде “Жусуптун” ролу үчүн Музаффар Бактияров;
• Мыкты ансамбль номинациясы менен Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театры;
• ⁠“Мекенчилдикке” чакырган чыгарма жараткандыгы үчүн А. Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театры;
• Сахнада классикалык чыгарманын мыкты заманбап интерпретациясы үчүн Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык-драма театры;
• ⁠Фестивалдын кызыктыруучу сыйлыгы менен Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрынын “Свидание с сыном” спектаклинде Зейнештин ролун жараткандыгы үчүн Мээрим Тыныбекова;
Ошондой эле, “КРнын эл артисттери, Сейитказы Андабеков жана Койсун Карасартова атындагы “Кош жылдыз” коомдук фондунун атайын сыйлыгы” менен Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын “Эне” спектакли сыйланды.