"Сулайман-Тоо Улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексин жана Өзгөн мамлекеттик тарыхый-маданий корук-музейинде туризмди башкаруу пландарын даярдоо” долбоорун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун кеңейтилген отуруму болуп өттү

Март 19, 2024 - 21:03
Март 30, 2024 - 12:45
 0  50

Бүгүн, 19-март күнү, Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалын өнүктүрүү боюнча жигердүү иштердин алкагында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулунун төрагалыгы алдында ведомстволор аралык жумушчу топтун кеңейтилген отуруму болуп өттү.
Долбоордук топ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен стратегиялык менеджменттин принциптерине жана уюштуруу структураларын долбоорлоонун заманбап ыкмаларына негизделген
Сулайман-Тоо Улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексин жана Өзгөн мамлекеттик тарыхый-маданий корук-музейинде туризмди башкаруу пландарын даярдоо” долбоорунун методологиясын ийгиликтүү сунуштады.
Талкуунун негизинде туризм башкармалыгынын сунушталган пландарын жактыруу жана "Сулайман-Тоо Улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин алкактык концепциясын жана Өзгөн мамлекеттик тарыхый-маданий корук-музейинин экспозициясынын илимий концепциясын колдоо кабыл алынды.
Мындан тышкары, долбоордун командасы тарабынан социологиялык изилдөөлөргө жана санариптик технологияларга негизделген маркетингдик стратегия сунушталып, ал жактырылып, иш жүзүнө пайдаланылмай болду.
Эл аралык эксперттер сунушталган материалдары үчүн, атап айтканда, Орус этнографиялык музейинин директору, музей иштерин өнүктүрүү жана музейлик коллекцияларды сактоо долбоорлору боюнча ЮНЕСКОнун эксперти Ю.Купинага жогору баа беришти.
Өз кезегинде КР УИАнын Тарых жана маданий мурас институтунун археология секторунун башчысы К.Ташбаева долбоордук командага ишке инновациялык мамиле жасагандыгы үчүн ыраазычылык билдирди жана бул Концепцияны ишке ашыруу менен жакшы натыйжаларга, өлкөнүн тарыхый - маданий мурастарын сактоого багыт болоруна ишенимин билдирди.
ЮНЕСКОнун Эстеликтерди жана кооз жерлерди сактоо боюнча эл аралык кеңештин (ИКОМОС) эксперти А.Тентиева эки комплексти өнүктүрүү боюнча сунушталган концепцияларды колдоп, бир нече сунуштарды берди, алар бул документтерди толуктап иштеп чыгууда эске алынат. Эл аралык музей Кеңешинин (ИКОМ) улуттук комитетинин төрагасы А.Алымова өз кезегинде жүргүзүлүп жаткан иштердин Кыргызстандагы музейлерди мындан ары өнүктүрүү үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушууга ошондой эле АРИСтин, КР Экономика министрлигине караштуу Туризм департаментинин өкүлдөрү, "Сулайман-Тоо" жана "Өзгөн" комплекстеринин директорлору катышып, чечимдерди талкуулоого жана кабыл алууга активдүү катышышты.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу кызматташууга канааттангандыгын билдирип, министрлик тарабынан ар тараптуу колдоо болорун айтты.
Бул жолугушуу Кыргызстандын туризм инфраструктурасын жана маданий мурасын өнүктүрүүгө, дүйнөлүк аренадагы позициясын бекемдөөгө маанилүү кадам болду.
Эске салсак, "Сулайман-Тоо" жана "Өзгөн" комплексиндеги туризмди башкаруу планын даярдоо боюнча долбоордун командасы Сулайман-Тоо үңкүр музейинин ички жасалгасын жана көргөзмө планын иштеп чыгуунун үстүндө жигердүү иштеп жатат. Ошондой эле алар "Өзгөн" тарыхый комплексин ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо менен алек. Долбоордун бул этаптары эки комплекстин маданий жана тарыхый баалуулуктарын сактоо үчүн абдан маанилүү болуп саналат.
Сулайман-Тоо Улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексин жана Өзгөн мамлекеттик тарыхый-маданий корук-музейинде туризмди башкаруу пландарын даярдоо” долбоорун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругу менен Дүйнөлүк банктын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги тарабынан жүзөгө ашырылуучу Сулайман-Тоо Улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексин жана Өзгөн мамлекеттик тарыхый-маданий корук-музейинде
потенциалын жана жагымдуулугун күчөтүү боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында түзүлгөн.
Комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эксперттик коомчулуктун жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү кирет.