Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдун "Нооруз" майрамына карата куттуктоосу

Март 21, 2024 - 12:46
Март 22, 2024 - 20:46
 118
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдун "Нооруз" майрамына карата куттуктоосу
Урматтуу мекендештер!
Сиздерди Жаратылыш менен бардык тирүү жандыктарга жан киргизген улуу майрам – Нооруз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм.
Нооруз - жаздын, тазаруунун, өзгөрүүнүн, жаӊы күндүн майрамы.
Тынчтыктын, өз ара түшүнүүнүн, биримдиктин жана ынтымактын салтанаты.
Эзелтен бул нукура элдик майрамды элибиз аруу тилек, жаңы үмүт, жаркын маанай менен тосуп, жыл башы катары кабыл алып келген.
Ата-бабалардан калган бул көөнөргүс салтыбызды дагы байытып, кийинки урпактарыбызга жеткиребиз.
Жергебиз майрам шаңына бөлөнүп, ыр-күлкү жаңырат. Баба дыйкан үрөн белендеп, жер айдоого камынат.
Нооруз жергебизге тынчтык жана токчулук алып келсин.
Элибиз айдан аман, жылдан эсен болсун.
Ар бир үй-бүлө бактылуу болуп, өлкөбүз өнүгүп, алдыга койгон ой-максаттарыбыз ишке ашсын.
Бардыгыңыздарга бекем ден-соолук, бакубат жашоо, ийгиликтерди каалайм.
Жараткан жар болуп, элибизде дайыма ынтымак, жергебизде тынчтык болсун!