Бишкекте “Эс тутумдун маданияты жана маданияттагы эс тутум” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү

Июнь 30, 2025 - 12:19
Июнь 30, 2025 - 13:49
 9

26-27-июнда Бишкек шаарында Михаил Васильевич Фрунзенин үй-музейинин 100 жылдыгына арналган “Эс тутумдун маданияты жана маданияттагы эс тутум” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, музей ишмерлери жана искусство адамдары катышты.

Конференциянын максаты — эстелик маданиятынын заманбап коомдогу ордун талдоо, музей иши боюнча илимий-практикалык тажрыйба алмашуу жана М.В. Фрунзенин образын Борбор Азиянын тарыхый-маданий контекстинде кайрадан карап чыгуу болуп саналат.

Иш-чарага Кыргызстандан, Казакстандан, Россиядан, Түркиядан жана башка өлкөлөрдөн 60тан ашуун адис катышты. Алардын катарында музей кызматкерлери, изилдөөчүлөр, окутуучулар жана илимий мекемелердин өкүлдөрү болду. Катышуу форматы оффлайн жана Zoom платформасы аркылуу онлайн түрүндө уюштурулду.

Конференциянын программасы пленардык жыйындарды, тематикалык сессияларды, тегерек үстөлдөрдү, долбоорлордун презентацияларын, ачык талкууларды жана М.В. Фрунзенин үй-музейинин экспозициясы боюнча экскурсияны камтыды.

Негизги баяндамачы музейдин директору, экономика илимдеринин доктору Кеңешбек Алмакучуков болду.

Конференциянын жыйынтыгында музейди жаңыртуу багыттары белгиленип, “Кыргыз мамлекеттик музейи” концепциясын иштеп чыгуу демилгеси колдоого алынып, конференциядагы материалдардын жыйнагын жарыялоо чечими кабыл алынды.

Иш-чараны М.В. Фрунзенин Мемориалдык үй-музейи Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурду.