Президент Садыр Жапаров Кыргызстан элинин ассамблеясынын 10-жыйынынын делегаттарына кайрылуу жолдоду

Июнь 24, 2024 - 18:54
 6
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан элинин ассамблеясынын 10-жыйынынын делегаттарына кайрылуу жолдоду
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан элинин ассамблеясынын 10-жыйынынын делегаттарына кайрылуу жолдоду
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан элинин ассамблеясынын 10-жыйынынын делегаттарына кайрылуу жолдоду
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан элинин ассамблеясынын 10-жыйынынын делегаттарына кайрылуу жолдоду
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан элинин ассамблеясынын 10-жыйынынын делегаттарына кайрылуу жолдоду
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан элинин ассамблеясынын 10-жыйынынын делегаттарына кайрылуу жолдоду
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан элинин ассамблеясынын 10-жыйынынын делегаттарына кайрылуу жолдоду
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан элинин ассамблеясынын 10-жыйынынын делегаттарына кайрылуу жолдоду
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-июнда, Кыргызстан элинин ассамблеясынын 10-жыйынынын делегаттарына кайрылуу жолдоду жана аларды Ассамблеянын 30 жылдык мааракеси менен куттуктады.
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чара «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өттү.
Мамлекет башчысынын кайрылуусун катышуучуларга Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов окуду.
Ал бүгүнкү күндө 100дөн ашуун ар кандай этностун өкүлдөрү өлкөбүздүн жалпы элин түзүп, Кыргызстандын жетишкендиктерине чогуу кубанып, өткөөл кездерде башка түшкөн кыйынчылыктарды чогуу жеңип, ыйык Ала-Тообузда ынтымакта, достукта, биримдикте кол кармаша жашап келе жатканын белгиледи.
“Мындай жашоо баалуулуктары көөдөнүбүздө эле уялабастан, Конституция баштаган мыйзамдарыбызда Кыргыз Республикасынын ар бир жараны этносуна, динине, регионуна жана социалдык абалына карабастан, бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ деп ташка тамга баскандай бадырайып жазылып турат”, - деп айтылат Мамлекет башчысынын кайрылуусунда.
Мындан тышкары, бүгүнкү күндө өлкөбүз өнүгүүнүн ишенимдүү жолуна түшкөнү белгиленет.
“Төрт жылга жакын убакыттын ичинде баарыбыздын жапа тырмак көргөн аракетибиздин аркасында мамлекеттик башкаруунун системасын калыбына келтире алдык, коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштө чечкиндүүлүктү иш жүзүндө көрсөтүп тартипке салып келатабыз, кирешелерди олуттуу көбөйтүп, экономикалык өсүшкө жетише алдык. Бул, албетте, ишибиздин башы гана. Өлкө элинин көп түрдүүлүгү, ынтымагы, достугу жана биримдиги болуп турса, Кыргызстанды гүлдөгөн өлкөгө айландырабыз деп бекем ишенем!”, - деп белгиленет кайрылууда.
Кыргызстан элинин ассамблеясы 1994-жылы Кыргызстан элинин Биринчи курултайында уюштурулуп, бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө элдин биримдигин бекемдөөгө, этностор аралык мамилелерди чыңдоо менен жарандык бирдейликти калыптандырууга өзүнүн салымын кошуп келүүдө.
“Президенттин милдетин аткарууга киришкен күндөн тарта өлкөдөгү этностор аралык мамилелер жаатындагы мамлекеттик саясатты күчөтүү максатындагы жарлыктарды чыгаргам. Элдин ынтымагын жана социалдык биригүүнү камсыз кылуудагы Кыргызстан элинин ассамблеясынын ролун эске алуу менен, “Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин ордун жана статусун жогорулатуу жөнүндө” Жарлыкка кол койгом. Анда Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешине Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу консультативдик-кеңеш берүүчү орган макамы берилген. Андан соң Кыргыз Республикасынын этностук жамааттарынын жарандык биригүүсүнүн жана “Кыргыз жараны” деп өзүн таануусунун, жарандардын кызыкчылыгы сакталган мамлекетти калыптандыруунун зарылчылыгын баамдап, атайын Жарлык менен 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында жарандар өздөрүн “кыргыз жараны” деп таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын бекиткенбиз”, - деп айтылат кайрылууда.
“Бүгүнкү күндө Ассамблеянын ишмердүүлүгү мамлекеттик деңгээлде чечилип, мамлекет тарабынан колдоого алынып жатат. Кыргыз Республикасында жашаган этностук коомчулуктун эне тилин, маданиятын, үрп-адаттарын сактоого жана өнүктүрүүгө да шарт түзүлгөнүн айта кетейин. Ошону менен бирге орус тили расмий тил катары өзүнүн маанилүү ролун улантат. “Канча тил билсең – ошончо адамсың” деген накыл кептегидей, тил аркылуу биз элибиздин сүйлөгөнүн эле эмес, дүйнө таанымын, руханий байлыктарын, көөнөрбөс баалуулуктарын арттыруубуз зарыл. “Кыргыз жаранын” мамлекеттик тилде, өзүнүн эне тилинде, расмий жана чет тилдерде эркин сүйлөгөн жаран катары калыптандырууга көмөктөшүү жана көп тилдүү билим берүүнү өнүктүрүүнү ишке ашыруу – бул бүгүнкү заман талабы экени жадыбызда болушу керек”, - деп көрсөтүлгөн кайрылууда.
Мындан тышкары Президент Садыр Жапаровдун кайрылуусунда Кыргызстан элинин ассамблеясынын эл биримдигин бекемдөө жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо жаатындагы ордун эске алуу менен анын макамын жогорулатуу керектегине көңул бурулган.
Андан соң Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
Кыргыз Республикасындагы элдердин ортосундагы достукту, социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн, ошондой эле Кыргызстан элинин ассамблеясынын 30 жылдыгын майрамдоого байланыштуу:
“Достук” ордени менен:
Асылбаева Гюльшат Кадыровна- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы, Кыргызстан элинин ассамблеясынын “Кыргызстан казактарынын ассоциациясы” коомдук бирикмесинин ардактуу төрагасы;
Дурсунов Атамша Латифович -Кыргызстан элинин ассамблеясынын Кыргыз Республикасынын түрк диаспорасынын “Ахыска” коомдук бирикмесинин төрагасы;
Сабиров Равшанбек Азатович-Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасынын орун басары, Кыргызстан элинин ассамблеясынын Кыргыз Республикасынын тажиктеринин Рудаки атындагы коомдук бирикмесинин президенти;
“Даңк” медалы менен:
Степанюк Александр Владимирович - Кыргызстан элинин ассамблеясынын текшерүү комиссиясынын төрагасы, Кыргызстан элинин ассамблеясынын “Гармония” орус маданий борбору” Кыргыз Республикасынын коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү, экс-төрагасы;
“Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген ардак наамы:
Ахмедов Бегижан Махмудовичке - коомдук ишмер, жазуучу, Өзбек улуттук маданий борборунун төрагасынын орун басары;
Шидакова Зухра Хажымухамутовнага – Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасынын орун басары, Кыргызстан элинин ассамблеясынын “Ата-Джурт” эл аралык карачайлар ассоциациясы” коомдук бирикмесинин президенти;
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен:
Кузьменко Сергей Иванович - Кыргызстан элинин ассамблеясынын “Берегиня” Кыргыз Республикасынын украиналык коому” коомдук бирикмесинин кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары;
Муратов Равиль Рустамович- Кыргызстан элинин ассамблеясынын “Туган Тел” татар-башкыр маданий борбору” коомдук бирикмесинин мүчөсү, “ПромВентиляция” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;
Наумова Мария Анатольевна-“Билимкана” коомдук фондунун “Билимкана эл аралык мектеби” филиалынын кыргыздын улуттук аспаптары жана кыргыз маданияты боюнча педагогу;
Ташматова Лариса Тодоровна-Кыргызстан элинин ассамблеясынын “Възраждане” болгарлардын коомдук бирикмесинин төрагасы сыйланды.