Эл артисти Эгемберди Бекболиев Кыргыздрамдын көркөм жетекчиси болуп дайындалды

Июнь 25, 2024 - 17:52
 5
Эл артисти Эгемберди Бекболиев Кыргыздрамдын көркөм жетекчиси болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, Бекболиев Эгемберди Жайлобекович 2024-жылдын 25-июнунан тартып штаттык ырааттамага ылайык, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси кызмат ордуна эмгек келишимдин негизинде дайындалды.
Эгемберди Бекболиевди театрдын жамаатына Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев тааныштырып, чыгармачык бийик дараметти жана калыстыкты талап кылган бул кызматтагы ишине ийгилик каалады.
Эгемберди Бекболиев 1955-жылы 20-майда, Чүй облусунун, Панфилов районуна караштуу Букара айылында туулган.
1989-1994-жж. Б.Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство институту – театр жана кино артисти адистигин бүтүргөн.
1976-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин – Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры – артист, сахнанын жетектөөчү мастери.
Ал Кыргыз Республикасынын эл артисти.