Маданият министри Алтынбек Максутов белгилүү искусство таануучу Михаил Казиник менен жолугушуу өткөрдү

Октябрь 26, 2024 - 09:56
Октябрь 30, 2024 - 09:58
 20
Маданият министри Алтынбек Максутов белгилүү искусство таануучу Михаил Казиник менен жолугушуу өткөрдү
Бүгүн, 26-октябрда, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов белгилүү искусство таануучу, маданият таануучу, скрипач жана пианист Михаил Казиник менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө маданият жана искусство тармагындагы актуалдуу маселелер, ошондой эле мындан аркы кызматташтык жолдору талкууланды. Өзгөчө маданият жана искусствону жайылтуу, ошондой эле руханий баалуулуктарды жана жаштарды тарбиялоодо искусствонун ролуна көңүл бурулду.
Министр Алтынбек Максутов Михаил Казиниктин дүйнөлүк жана улуттук маданиятты өнүктүрүүдөгү салымын жогору баалап, Кыргызстандын маданий долбоорлорун ишке ашырууда Казиникке окшогон тажрыйбалуу адистердин катышуусу маанилүү экенин баса белгиледи.
Өз кезегинде Михаил Казиник Кыргызстандын бай маданий мурасын белгилеп, маданий байланыштарды чыңдоо максатында өзүнүн билими жана тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экенин билдирди.
Тараптар келечекте жаштарды искусствого кызыктыруу жана маданий диалогду өнүктүрүү максатында биргелешкен маданий иш-чараларды жана билим берүү программаларын өткөрүү боюнча макулдашышты.