Гулбара Абдыкалыкова Бобруйск шаарындагы көркөм сүрөт жана Жеңиш музейине барды

Октябрь 26, 2024 - 10:01
Октябрь 30, 2024 - 10:02
 15

Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Маданият күндөрүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Гулбара Абдыкалыкова Бобруйск шаарындагы көркөм сүрөт жана Жеңиш музейине барды. Сапардын жүрүшүндө ал музейлердин экспозициялары менен таанышып, эки өлкө ортосундагы маданий алаканын маанисин белгиледи.
Кыргызстандын Беларустагы Маданият күндөрүнүн өткөрүлүшү эки өлкө ортосундагы маданий кызматташтыкты жана өз ара урматтоону чыңдоодо маанилүү окуя болуп калды. Иш-чаралар бир жумага созулуп, Беларусь элине Кыргызстандагы бай маданий мурас, каада-салт жана искусство менен жакындан таанышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк түзөт.
Программа көргөзмөлөрдү, концерттерди жана кино көрсөтүүлөрдү камтыйт, алар Беларусь элине Кыргызстан менен жакындан таанышууга шарт түзөт. Мындай демилгелер элдер ортосундагы маданий байланыштарды жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө, ошондой эле искусство жана маданият тармагындагы кызматташтыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачууга көмөкчү болот деп күтүлүүдө.