Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына арналган майрамды “Жалал-Абад сүйүктүү шаарым” аттуу ачык асман алдындагы сүрөт көргөзмөсү толуктады.
Иш-чара Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрынын алдындагы парк-скверде болду.
Анда балдар ачык асман алдында сүрөт тартышты. Андан сырткары көргөзмөгө жалпы 65 сүрөт коюлган, анын ичинде 33 сүрөт — Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун Жалал-Абад облусундагы филиалы тарабынан, ал эми 35 сүрөт — Жалал-Абад шаарынын Балдар сүрөт мектеби тарабынан даярдалган.
Бул чыгармалар аркылуу көрүүчүлөр Жалал-Абаддын ар түрдүү көрүнүштөрүн – табиятын, архитектурасын, жашоосун жана элинин жан дүйнөсүн көрө алышты.