Бүгүн, 18-июнда Кыргыз улуттук “Манас” театрында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин текстинин жана музыкасынын жаңы редакциядагы мыкты долбоорун тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкуловдун төрагалыгы астында өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тийиштүү тескемеси менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин текстинин жана музыкасынын жаңы редакциядагы мыкты долбоорун тандоо боюнча сынактын жобосу, ведомстволор аралык комиссиянын курамы бекитилген.
Комиссиянын курамына мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары жана акын-жазуучулар, музыка ишмерлери киргизилген.
Жыйында комиссиянын жаңыртылган курамы тааныштырылып, сынактын өткөрүү боюнча сунуштар талкууланды.
Сынак эки этап менен өткөрүлөт: жобого ылайык, биринчи этапта гимндин тексти тандалат, экинчи этапта – музыкалык чыгармалар. Тексттер 2025-жылдын 7-июлуна чейин, музыкалык долбоорлор 8-сентябрга чейин кабыл алынат. Натыйжада үч мыкты долбоор тандалып, алардын ичинен бирөө жаңы гимн катары бекитилет.
Жеңүүчү долбоорго Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан сыйлык ыйгарылат.
Сынак ачык-айкындык, адилеттүүлүк жана калыстык принциптеринин негизинде өткөрүлөт.
Жыйындын соңунда ведомстволор аралык комиссия тарабынан гимндин текстининин долбоорун кабыл алуу мөөнөтүн 17-июлга чейин узартуу сунушу берилди.