Жалал-Абад шаарындагы Олимпиадалык резервдеги региондук спорт мектебинде капиталдык ремонт жүргүзүү пландалууда

Июль 6, 2024 - 19:18
 23

Жалал-Абад шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Дене тарбия жана спорт департаментинин карамагындагы Олимпиадалык резервдеги региондук спорт мектебинде өндөп-түзөө иштери пландалууда.
Буга чейин спорттук мектепте 2023-жылы Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан жаңы түзүлгөн спорттук мектептин 4 имаратында капиталдык оңдоо иштерин жүргүзгөн. Ал эми мектеп толук кандуу иш алып баруусу үчүн дагы кошумча 7 имараты оңдоого муктаж экенин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары - Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов Ош шаарында өткөн коллегияда билдирип, департамент тарабынан 108 млн. сомго эки этаптуу тендер жарыяланганын билдирди.
Мындан сырткары, аймактардагы балдар-өспүрүмдөр спорттук мектептеринин тарбиялануучуларына мамлекет тарабынан, спорттун түрлөрү боюнча үзгүлтүксүз машыгуу үчүн 2024-жылдын башында Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын спорт мектептерине жалпы 15 млн. сомго жакын каражатка спорттук шаймандар алынып берилген. Анын ичинде футбол, волейбол, баскетбол оюнуна арналган топтор жана сеткалар. Күрөш үчүн мат жана килемдер, бокс үчүн рингдер.