Бүгүн, 23-апрелде Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында Азербайжан мамлекеттик пантомима театрынын режиссёру Жейхун Дадашов мастер-класс өткөрдү.
Иш-чарага Бишкек шаарындагы театр оюн-зоок мекемелеринде эмгектенген актёрлор жана режиссёрлор, театр искусствосуна кызыккан жаштар, бийчилер катышты.
Жейхун Дадашов катышуучуларга пантомима өнөрүнүн сырларын, кыймыл аркылуу эмоцияны жеткирүү ыкмаларын көрсөтүп, практикалык көнүгүүлөрдү өткөрдү.
Мастер-класстын жүрүшүндө катышуучулар пантомима жанрынын өзгөчөлүктөрүн өздөштүрүүгө, ошондой эле Азербайжан театр маданияты менен таанышты.
Мындай маданий байланыштар эки элдин чыгармачыл диалогун бекемдеп, театр искусствосунун өнүгүшүнө жаңы дем берет.
Белгилей кетсек, мастер-класс Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Маданият күндөрүнүн алкагында мерчемделген.