13-15-июнь күндөрү Бишкек шаарындагы “Газпром-балдарга” дене тарбия - ден соолукту чындоо комплексинде Борбор Азиянын X Эл аралык Юбилейлик Бий Олимпиадасы өтөт. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосунда уюштурулууда.
Олимпиадага 12 өлкөдөн 3 000ден ашык катышуучу чогулат. Алар улуттук бийлерден тартып заманбап, спорттук жана шоу-түрлөрүнө чейин ар түрдүү багыттарды сунушташат.
Иш-чаранын негизги программасы:
• Ар кандай бий багыттары боюнча Борбор Азия чемпионаты;
• Жаш таланттар үчүн «Вершина» фестивалы;
• Эл аралык баттлдар жана алдыңкы хореографтардын мастер-класстары;
• Чир спорт, мажореткалар жана батон твирлинг боюнча мелдештер;
• Калыстарсыз шоу-дисциплиналар боюнча концерттик программалар.
Жеңүүчүлөрдү эл аралык деңгээлдеги адистерден турган калыстар тобу баалайт. Жалпы байге фонду 86 000 сомду түзөт.
Олимпиаданын негизги максаты - Борбор Азия элдеринин маданий алакаларын чыңдоо, бий өнөрүн өнүктүрүү жана жаш таланттарды колдоо.
Катышуучуларды каттоо 2025-жылдын 26-майына чейин жүргүзүлөт.
Толук маалымат жана арыз формасы расмий сайтта:
www.dance.kg