VIII Бүткүл дүйнөлүк "Дүйнө элдеринин эпостору" фестивалы өтөт

Май 21, 2025 - 14:14
 7
VIII Бүткүл дүйнөлүк "Дүйнө элдеринин эпостору" фестивалы өтөт
28-29-30-майда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу менен улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына карата VIII Бүткүл дүйнөлүк "Дүйнө элдеринин эпостору" фестивалы өтөт.

Фестивалдын алкагында бир нече мамлекеттерден келген эпостук мурасты изилдеген эпос таануучулар жана окумуштуулар үчүн эл аралык илимий практикалык симпозиум, тармактык маселелерди талкуулаган тегерек стол, жыйындар, ошону менен бирге көчмөн элдердин турмуш философиясын кеңири чагылдырууга багытталган “Мыкты кыргыз боз үйү”, “Улуу мурас” каада-салттар, “Саркеч көчмөн” жана алгачкы жолу Сейтек айтуучулар арасында “Сейтекчи” сынактары өткөрүлөт.

Фестиваль “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – “Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын жана “Манас” эпосу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында ишке ашууда.

Белгилей кетсек, дүйнө элдеринин эпостору фестивалы 2006-жылдан бери уюштурулуп келет. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, “Манас” улуттук академиясы, Кыргыз улуттук “Манас” театры, “Арт-араба” коомдук фонду тарабынан уюштурулууда.

Сынактар боюнча сурап билүү телефону:
+996 709 210 733
+996 773 601 464