Т. Абдумомунов атындагы Театралдык окуу жайынын педагогдору Стамбул университетинде тажрыйба алмашып келди

Май 19, 2025 - 12:22
 6

8-майдан 15-майга чейинки аралыкта Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы Театралдык окуу жайынын жетекчиси менен педагогикалык курамдын кызматркелери Түркиянын Стамбул шаарындагы маданий мекеме, маданият жана искусство багытында билим берген окуу жайларда кыска мөөнөттүү окутуу жана тажрыйба алмашууда болуп кайтты.

Ага ылайык, Стамбул университетинин Халдун Танер театр практика жана изилдөө борборунун базасында тажрыйба алмашуу болду. Аны менен катар Стамбул университетинин ректору, профессор Осман Бюлент Зүлфикар, ректордун башкы кеңешчиси, профессор Халук Зүлфикар, университеттин Улуттук Консерваториясынын Музыка таануу бөлүмүнүн башчысынын орун басары, профессор Билен Ышыкташ, Халдун Танер театр практика жана изилдөө борборунун жетекчиси, доцент Йасин Четин менен жолугушуулар өтүп, мекемелер аралык кызматташуу талкууланып, келишимдер түзүлдү.

Дүйнө жүзү боюнча эң мыкты 100 университеттин катарына кирген Стамбул университети, 1453-жылдан бери ийгиликтүү ишмердүүлүк жүргүзүп келет. Учурда Түркиядагы мыкты университеттеринин сап башында турган жогорку окуу жай 280962 студентке билим берүүдө.

Иш сапардын алкагында мерчемделген бардык жолугушуулар натыйжалуу өтүп, тараптардын алып барып жаткан ишмердүүлүгү, өзгөчөлүгү менен таанышууга, келечекте биргеликте долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Долбоордун жол кире чыгымы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан каржыланды. Калган чыгымдар кабыл алган тарап, иш сапарга катышуучулардын өз каражаттарынын негизинде ишке ашты.

Белгилей кетсек, бир жумалык кыска мөөнөттүү тажрыйба алмашуу маданият тармагындагы эл аралык кызматташтыкты чыңдоо, тажрыйба алмашуу, окуу жайдын мугалимдерине дем берүү (мотивация), алардын чыгармачылык потенциалын жогорулатуу, педагогикалык ишмердүүлүгүнө жаңы багыт берүү максатында Т. Абдумомунов атындагы КУАДТнын алдындагы Театралдык окуу жайы менен Стамбул университетинин Халдун Танер театр практика жана изилдөө борборунун ортосунда кызматташуу тууралуу түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашты.