Улуттук тарых музейинде “Музейлер түнү” маданий акциясы өтүүдө

Май 18, 2025 - 21:27
 6

Бүгүн, 18-майда Эл аралык музейлер күнүнө жана Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин 100 жылдык мааракесине карата Бишкек шаарында “Өзгөрмө коомчулуктагы музейлердин келечеги” урааны алдында масштабдуу маданий-агартуу иш-чарасы - “Музейлер түнү” акциясы болуп өтүүдө.

Борбор Азиядагы эң ири музейлердин бири болгон Улуттук тарых музейинде бир эле күнү 70ке жакын ар түрдүү иш-чара өтүп, миңдеген конокторду жана музей сүйүүчүлөрүн бириктирди. Иш-чара тарых менен азыркы күндүн, маданият менен технологиянын, улуттук баалуулуктар менен дүйнөлүк тажрыйбанын синтезин чагылдырган өзгөчө майрамга айланды.

Меймандар экспозициялык залдарда “Мир космоса” долбоорунун алкагындагы авиациялык моделдерди жасоо боюнча мастер-класстарга, сүрөт тартуу, аппликация, макраме, скульптура жана графика боюнча иш-чараларга катышты. Кытай элинин каллиграфия боюнча чебер сабактары, салттуу чай ичүү аземи, кытай улуттук музыкалык аспаптары жана улуттук кийимдери көрсөтүлүп, Япония элинин бий элементтери жана дзюдо өнөрү да өзгөчө кызыгуу жаратты.

Кыргыз маданияты иш-чаранын өзөгүн түздү. Манас эпосунан үзүндүлөр айтылып, комуздун мукам күүлөрү чертилди. Бий ансамблдеринин катышуусунда улуттар достугун даңазалаган бийлер орун алды. Мода көргөзмөсүндө Азия инновациялык колледжинин студенттери тарабынан даярдалган “Кыргыз руху”, “Карлыгач”, “Ата-бабалардын мурасына кайтуу” аттуу коллекциялар көрсөтүлдү. №10 жана №17 кесиптик лицейлеринин жаш дизайнерлери салттуу жана заманбап стилдеги кийимдерди көргөзүп, өздөрүнүн чыгармачылык дараметин тааныта алышты.

Ошондой эле меймандар “Кийиз дүйнө” коомдук фондунун кыргыз улуттук кийимдер боюнча атайын көргөзмөсүн көрүп, кыргыз аялдарынын салттуу баш кийими – элечекти ороп үйрөнүп, кыздардын чач өрүү ыкмаларын, токуу өнөрүн жана байыркы улуттук оюндарды – упай, чүкө, тогуз коргоол, топ ташты ойнолушун көрүп, айрымдарын өздөрү да ойноого мүмкүнчүлүк алышты. Баланы бешикке салуу жөрөлгөсү көрсөтүлүп, куурчактар көргөзмөсү, скульптура жана акрил менен иштөө боюнча мастер-класстар да уюштурулду.

Музейдин конференц-залында Кыргызстандагы археологиялык казуулар тууралуу даректүү тасмалар, өлкө тарыхынан камтыган видеобаяндар көрсөтүлдү. Ошондой эле Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган атайын көргөзмө уюштурулду.

Бул ири иш-чара Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин көптөгөн өнөктөштөрүнүн колдоосу менен ишке ашты. Алардын катарында: Кыргыз улуттук “Манас” театры, “Кийиз дүйнө” коомдук фонду, Япон институту, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы Конфуций институту, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институту, Т. Садыков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт академиясы, Азия инновациялык колледжи, С. Чокморов атындагы №10 кесиптик лицей жана 17 кесиптик лицейлери, Бишкек шаарындагы №100 орто мектеп, Кыргызстан элдеринин ассамблеясы, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жана башка мекемелер, чыгармачыл инсандар менен жигердүү жарандар бар.