Бишкекте II эл аралык “Виват, рояль!” фестивалы болот

Май 20, 2025 - 15:48
Май 20, 2025 - 18:28
 11
Бишкекте II эл аралык “Виват, рояль!” фестивалы болот

2025-жылдын 28-31-май күндөрү Бишкек шаарында II эл аралык “Виват, рояль!” фестивалы өтөт. Буга чейин 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы А. Ж. Жапарованын колдоосу менен П. Ф. Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектеби ийгиликтүү өткөргөн. Ал эми быйыл II эл аралык “Виват, рояль!” фестивалы Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен аталган мектеп тарабынан уюштурулат.

Фестивалга Россия Федерациясынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Гнесиндер атындагы музыкалык окуу жайынын фортепиано классынын мугалими, эл аралык сынактардын лауреаты Анна Арзаманова жана Казакстан Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Курмангазы атындагы казак улуттук консерваториясынын доценти, Жамбыл атындагы казак мамлекеттик филармониясынын башкы солисти Гульнара Курамбаева чакырылган.

Фестивалдын алкагында 28-29-30-май күндөрү саат 9:30дан 18:00гө чейин П. Ф. Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинин чоң залында жогоруда аталган мугалимдердин фортепиано боюнча устаттык сабактары, лекциялары өтөт. Бул устаттык сабактарга Кыргызстандын жети дубанынан 130 мугалим катышып, квалификациясын жогорулатып, сертификат алат. 30га жакын өспүрүм жаш пианисттер менен бул мугалимдер биргеликте иш алып барат.

II эл аралык “Виват, рояль!” фестивалы 30-май күнү кечки саат 18:00 Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында салтанаттуу гала-концерт менен жыйынтыкталат.

Гала-концертте 7 жаштан 75 жашка чейинки 44 пианист өз өнөрүн көрсөтөт. Концертти А. Жумахматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык симфониялык оркестри коштойт. Алардын арасында белгилүү пианисттер Талгат Аракеев (Түркия), Акылай Малакаева (Москва ш.), Цокуренко П.А., Гүлзинат Сураничева, Венера Сатылганова (Бишкек) жана башкалар. Коцерттин программасында дүйнөлүк жана кыргыз композиторлорунун чыгармалары аткарылат.