Айнура Аскарова Корея Республикасынын Улуттук жыйынынын Маданият, спорт жана туризм комитетинин төрагасы Ли Сан Хон менен жолукту

Май 15, 2024 - 12:10
Май 15, 2024 - 22:11
 14
Айнура Аскарова Корея Республикасынын Улуттук жыйынынын Маданият, спорт жана туризм комитетинин төрагасы Ли Сан Хон  менен жолукту
Айнура Аскарова Корея Республикасынын Улуттук жыйынынын Маданият, спорт жана туризм комитетинин төрагасы Ли Сан Хон  менен жолукту
Айнура Аскарова Корея Республикасынын Улуттук жыйынынын Маданият, спорт жана туризм комитетинин төрагасы Ли Сан Хон  менен жолукту
Бүгүн, 15-майда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова Корея Республикасынын Улуттук жыйынынын Маданият, спорт жана туризм комитетинин төрагасы Ли Сан Хон баштаган жогорку даражалуу делегация менен жолукту.
Алгы сөзүндө Айнура Аскарова Корея Республикасына жана анын элине болгон урмат-сыйын билдирип, эки мамлекет ортосундагы байланышты чыңдоо үчүн маданий жана спорттук өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал корей маданиятынын Кыргызстанда, өзгөчө кино жана музыка жаатында популярдуулугун белгилеп, кызматташууну тереңдетүүгө даярдыгын билдирди.
Айнура Аскарова кызматташуу боюнча киноиндустрия жана музыка тармагында инвестициялык долбоорлорду уюштуруу, ошондой эле жаш таланттар үчүн тажрыйба алмашуу жана окутуу программалары сыяктуу жүйөөлүү сунуштарды айтты. Мындан тышкары, ар кандай биргелешкен спорттук иш-чараларды уюштуруу, бул тармакта кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү белгиленди.
Кореялык делегациянын өкүлдөрү өз кезегинде эл аралык долбоорлор менен алака алмашууну кеңейтүүгө, анын ичинде "Сежонг" Институту аркылуу студенттерди Кореяга маданият жана тил үйрөнүү үчүн жөнөтүүгө болгон ынтызарлыгын белгилешти.
Жолугушуунун соңунда тараптар жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга жана жалпы максаттарга жетүүгө багытталган жемиштүү кызматташууга ишеним артышты.