Бишкекте жогорку музыкалык окуу жайлардын ректорлорунун эл аралык форуму расмий ачылды

Май 24, 2024 - 18:13
 11
Бишкекте жогорку музыкалык окуу жайлардын ректорлорунун эл аралык форуму расмий ачылды
Бишкекте жогорку музыкалык окуу жайлардын ректорлорунун эл аралык форуму расмий ачылды
Бишкекте жогорку музыкалык окуу жайлардын ректорлорунун эл аралык форуму расмий ачылды
Бишкекте жогорку музыкалык окуу жайлардын ректорлорунун эл аралык форуму расмий ачылды
Бишкекте жогорку музыкалык окуу жайлардын ректорлорунун эл аралык форуму расмий ачылды
Бишкекте жогорку музыкалык окуу жайлардын ректорлорунун эл аралык форуму расмий ачылды
Бишкекте жогорку музыкалык окуу жайлардын ректорлорунун эл аралык форуму расмий ачылды
Бишкекте жогорку музыкалык окуу жайлардын ректорлорунун эл аралык форуму расмий ачылды
Бүгүн, 24-майда Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясында жогорку музыкалык окуу жайлардын ректорлорунун эл аралык форумунун салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Форум Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана К. Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясынын 30 жылдыгына арналып, ага расмий мейман катары Азербайжан, Беларусь, Италия, Туркия, Өзбекстан, Татарстан, Казакстан, Венгрия, Россия, Польша, Монголия, Кытай мамлекеттеринин жогорку музыкалык окуу жайларынын ректорлору келди.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов катышты.
Консерваториянын ректору Муратбек Бегалиев алгы сөзүндө, көп жылдар бою музыканттар билим берүүнү жаңы бийиктикке көтөрө турган жана ага заманбап макам бере турган университет ачууну кыялданып келишкенин, кыялдар орундалып, бийик максат, чыгармачылык эрк жана күчтүү позициянын аркасында, модернизацияланган улуттук этнопедагогика менен классикалык европалык билимди айкалыштыра турган туруктуу, келечектүү университет түзүлгөнүн белгилеп, андан берки 30 жыл ичинде окуу жай 3000ден ашык жогорку квалификациялуу бүтүрүүчүлөрдү даярдаганын, Консерваториянын кадрлары студенттик кезинен баштап театрдын, филармониянын, оркестрдин солисттери болуп, чет өлкөлөрдө ийгиликтүү өнөрлөрүн тартуулап жатканын сыймыктануу менен белгиледи.
Министрлер Кабинетинин орун басары Эдиль Байсалов өз сөзүндө маанилүү маараке менен куттуктап, 28 жогорку музыкалык окуу жайынын өкүлдөрүн, ошондой эле 15 өлкөнүн көрүнүктүү маданият ишмерлерин бириктирген бул чоң иш-чарада окуу жайларды өнүктүрүү, дүйнөлүк коомчулуктун музыкалык билимин байытуу үчүн идеялар, тажрыйбалар, окуу жайлардын алдында турган маанилүү маселелерди талкуулоо үчүн чогулуп жатканын белгиледи.
Ошондой эле ал, бул форумду музыка искусствосундагы конструктивдүү диалог жана өз ара кызматташуу, жакшы саамалыктарды үйрөнүү үчүн аянтча катары колдонууну сунуштап, жаңы идеяларды жана маанилүү чечимдерди издөөдө күчүңүздөрдү бириктирүү менен жалпыга бирдей максаттарды багындырып, дүйнөнүн учурдагы өзгөрүп жаткан шарттарына ылайыкташууга жол табасыздар-деген ишеничин белгиледи.
Ал эми Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов музыкалык окуу жайлардын ректорлорун жана маданият ишмерлерин Кыргызстанга келиши жакшы саамалык экенин белгилеп, “билим берүү гана эмес, музыканын коомдогу таасирин сактоо, инсандарга маданий аң-сезимди жана чыгармачыл ой жүгүртүүгө өбөлгө түзгөн баалуулуктарды жайылтуу озуйпасын ишке ашырууда музыкалык окуу жайлардын мааниси чоң экенин айтып ыраазычылыгын билдирди.
Расмий ачылыштан соң Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Кыргыз улуттук консерваториясынын профессору Зайтуна Нарынбаева, Россия Федерациясынын эмгек сиңирген артисти, М.Мусоргский атындагы Урал консерваториясынын ректору Валерий Шкарупа, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Кайры Кошоева, Казакстандын эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз улуттук консерваториясынын ардактуу профессору Амир Тебенихин, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, Кыргыз улуттук консерваториясынын бүтүрүүчүсү Гүлшан Конушева, эл аралык конкурстардын лауреаты Владимир Вишневский Steinway & Sons концерттик роялында белгилүү дүйнөлүк чыгармаларды аткарышты.
Концерт “Акак” комузчулар ансамбли менен Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, консерваториянын доценти Айганыш Текенованын роял коштоосу менен (классика менен этномузыка бириктирилип) “Маш ботой” чыгармасынын аткаруусунда жыйынтыкталды.
Эске салсак, 1993-жылы 23-июлда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун фортепиано-теориялык жана вокалдык-оркестрдик факультеттеринин базасында адистерди даярдоо системасын өркүндөтүү жөнүндө республиканын музыкалык искусство ишмерлеринин сунуштарын эске алуу менен Кыргыз мамлекеттик консерваториясы түзүлгөн.