Улуттук чыгармалардан дүйнөлүк классикага чейин

Май 24, 2024 - 22:06
Май 25, 2024 - 11:07
 18
Улуттук чыгармалардан дүйнөлүк классикага чейин
Улуттук чыгармалардан дүйнөлүк классикага чейин
Улуттук чыгармалардан дүйнөлүк классикага чейин
Улуттук чыгармалардан дүйнөлүк классикага чейин
Улуттук чыгармалардан дүйнөлүк классикага чейин
Улуттук чыгармалардан дүйнөлүк классикага чейин
Улуттук чыгармалардан дүйнөлүк классикага чейин
Улуттук чыгармалардан дүйнөлүк классикага чейин
Бүгүн, 24-майда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Кара-кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылыдыгы жана Кыргыз Улуттук консерваториясынын 30 жылдыгына арналган чоң программадагы концерт өттү.
Ага жогорку музыкалык окуу жайлардын ректорлорунун эл аралык форумуна катышууга келген расмий меймандар жана кеңири коомчулук катышты.
Программада Улуттук консерваториянын түзүлүшүнө арналган атайын даректүү тасма көрсөтүлүп, аталган окуу жайдын уясынан билим студенттерден баштап белгилүү аткаруучулардын катышуусунда улуттук жана дүйнөлүк классикага чейинки белгилүү чыгармалар жаңырды.
Эске салсак, жогорку музыкалык окуу жайлардын ректорлорунун эл аралык форуму өз ишин 27-майда жыйынтыктайт.
Форумдун алкагында музыкалык окуу жайларга чыгармачылык жаатында баарлашуусуна, тажрыйба алмашуусуна жана жаңы эл аралык байланыштарды түзүүгө чоң мүмкүнчүлүк берген мейкиндик түзүлүп, жыйынтыгында жогорку музыкалык окуу жайлардын ректорлорунун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюулат.