Кинематография департаменти менен Франциянын Улуттук кинематография жана анимация борбору CNC ортосунда Кызматташуу келишимине кол коюлду

Май 19, 2024 - 17:51
Май 23, 2024 - 17:51
 0  7
Кинематография департаменти менен Франциянын Улуттук кинематография жана анимация борбору CNC ортосунда Кызматташуу келишимине кол коюлду
2024-жылдын 19-майында улуттук кинематографияны жана эл аралык биргелешкен өндүрүштү колдоо максатында Францияда өтүп жаткан 77-Канн кинофестивалынын алкагында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты Министрлигине караштуу Кинематография департаменти менен Франциянын Улуттук кинематография жана анимация борбору CNC ортосунда Кызматташуу келишимине кол коюлду.
Бул келишимде эксперттик билимдерди берүү, аудиовизуалдык индустрияны колдоо, техникалык адистерди жана кинорежиссерлорду даярдоо жана кайра даярдоо, биргелешип кино тартуу жаатында кызматташуу каралган.
Иш-чарага Кыргызстандын Франциядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмунун Билим, илим жана маданият боюнча (ЮНЕСКО) алдындагы Туруктуу өкүлү Садык Шер-Нияз,
Франциянын Россия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Армениядагы элчилигинин аудиовизуалдык кызматташуу боюнча атташеси Эммануэль Фосиллон, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин караштуу Кинематография департаментинин директору Акжолтой Бекболотов, Франциянын улуттук кинематография жана анимация борборунун башкы директорунун орун басары Оливье Энрард ошондой эле келишимге кол коюуга кыргыз кинематографиясынын ишмерлери катышты.
Кинематография департаменти бул иш-чара CNC жана Кинематография департаментинин кызматкерлеринин координацияланган ишинин жана кесипкөйлүгүнүн аркасында болгонун белгилейт жана CNC эл аралык байланыштар боюнча өкүлү Жереми Кесслерге, CNCнин укуктук маселелер боюнча өкүлү Жулиен Эсзаного, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Франциядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Садик Шер-Нияз мырзага көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирет.
Эскерте кетсек, келишимге кол коюу боюнча сүйлөшүүлөр 2023-жылы Канн кинофестивалынын Marche du Film кинобазарындагы Kyrgyzcinema стендинин алкагында, ошондой эле Франциянын Кыргызстандагы элчиси, Франсуа Делаус мырза жана аудиовизуалдык кызматташтык боюнча атташеси Эммануэль Фаусильон менен жолугушуунун алкагында өткөн сүйлөшүүлөрдүн негизинде ишке ашкан.