Бүгүн, 3-майда Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл) “TourismFest 2025” фестивалы өттү. Бул иш-чара өлкөнүн туристтик сезонуна расмий старт берди.
Фестиваль Чолпон-Атадагы “Газпром” ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков, ошондой эле Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү катышты.
Расмий өкүлдөр туристтик сезондун ачылышы символдоштурган иш-аракет менен белгилешти, андан соң “Турсезон – 2025” деген жазуусу бар эки чоң шар асманга учурулду.
Фестивалдын алкагында этно-көргөзмө, туроператорлордун жана кол өнөрчүлөрдүн презентациялары, концерттик программа, ошондой эле Ысык-Көлдүн кооз жээгин кыдырган жаңы электромоторлуу теплоходдордо экскурсияларга 130дан ашуун белектер ойнотулду.
TourismFest 2025 — туризмдин, маданияттын жана улуттук кол өнөрчүлүктүн майрамына айланып, миңдеген катышуучуларды жана конокторду өзүнө тартты.