Чолпон-Атада Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кубогуна арналган ат чабыш өттү

Май 3, 2025 - 18:35
Май 4, 2025 - 12:19
 8

Бүгүн, 3-майда Чолпон-Ата шаарындагы (Ысык-Көл облусу) ат майданында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кубогуна арналган улуттук ат оюндары болуп өттү.

Иш-чара «Шаттык» бий ансамблинин атагы чыккан кыргыз бийи «Кара-Жорго» менен ачылып, майрамдык маанай тартууланды. Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Айбек Абдымомунов жана башка расмий адамдар катышты.

Ат оюндарынын алкагында төмөнкү ат чабыштар өткөрүлдү:
• Англиянын таза кандуу чабыш аттары (2, 3 жана 4 жаштагы, Кыргызстанда туулган жана импорттолгон);
• Жарым кандуу аттардын жарышы;
• Улуттук ат оюндары: жорго салыш, кыз куумай, тыйын эңмей, эр эңиш жана аламан байге.

Иш-чаранын кульминациясы — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Кубогу үчүн өткөрүлгөн таймаш болду.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери баалуу белектер жана дипломдор менен сыйланышты.

Майрамдык маанай фольклордук жана музыкалык номерлер менен толукталып, иш-чара өзгөчө көӊүлдүү жана улуттук рухта өттү.

Ат оюндары – кыргыз элинин улуттук мурасын сактоодо жана жылкы чарбачылыгын даңазалоодо маанилүү салым кошкон иш-чара экендигин дагы бир жолу далилдеди.