Кыргыз маданияты оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, сүрөтчү, ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар боюнча эл аралык
эксперти, коомдук ишмер Чочунбаева Динара Илимбековна 69 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Чочунбаева Динара 1956-жылы 5-сентябрда Кыргыз ССРинин Фрунзе шаарында төрөлгөн. 1971-жылы көркөм сүрөт окуу жайынын декоративдик бөлүмүн аяктаган. Ошол эле мезгилде Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” (“Делбирим”) повестинин негизинде тартылган “Мен – Тянь-Шань” тасмасында Аселдин ролун аткарган.
1978-жылы Москва полиграфиялык институтунун басма продукциясын көркөм тариздөө бөлүмүн аяктап, 1978-1979-жылдары “Кыргызстан” басмаканасында көркөм редактор болуп иштеген. 1980-жылдан бери СССР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болгон.
Мындан тышкары, Чочунбаева билим берүү, маданият, искусство, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо жаатында ар кандай уюмдарды түзгөн:
1986-2002-жылдары Республикалык эстетикалык тарбия берүү борборун түзүп, (РЭТББ) аталган борбордо 16 жыл директор болуп иштеген.
1996-жылы «Кыргыз Стиль» аттуу салттуу жана заманбап маданиятты өнүктүрүү борборун негиздеген.
2004-жылы Азия-тынч океан аймагынын Кол өнөрчүлүк кеңешинин Вице-президенти болгон.
2006-жылы “Кол өнөрчүлүк жана салттуу билим” коомдук фондун түзгөн.
Чочунбаева Динара - социалдык жана искусство долбоорлорунун да жетекчиси болгон.
2000-2008-жылдары Борбор Азиядагы кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө колдоо көрсөткөн уюмдардын Ассоциациясын – CACSAны жетектеген. Бул ассоциация аймактагы беш өлкөнүн 76 кол өнөрчүлүк уюмдарын бириктирип, салттуу кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү боюнча 50дөн ашуун долбоорду ишке ашырган.
2004-жылдан бери Борбор Азиядагы кол өнөрчүлүк продукциялар үчүн UNESCO/WCCнин “Сапат белгиси” программасынын регионалдык координатору болуп иштеген.
2006-жылы салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк боюнча эл аралык “Оймо” фестивалын негиздеген. Бул фестиваль бүгүнкү күндө Борбор Азиядагы кол өнөрчүлөр үчүн эң ийгиликтүү соода аянтчаларынын бири жана туристтер үчүн жагымдуу иш-чара болуп эсептелет. 2009-жылы ал Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүчү уюмдардын Борбор Азиялык Ассоциациясынын Ресурстук борбору - CACSARC-kg коомдук фондун негиздеп, өлкө ичинде жана анын чегинен тышкары жүздөгөн кол өнөрчүлөрдү окуткан регионалдык тренерлер тобун түзгөн.
2010-жылы Кыргыз Республикасынан көрсөтүлгөн номинацияларды даярдоо боюнча улуттук жумушчу топторду жетектеген: 2012-жылы “Кыргыз шырдагы менен ала кийизин жасоо өнөрү” жана 2014-жылы “Кыргыз жана казак боз үйүн жасоонун салттуу билими жана даярдоо ыкмалары” (көчмөн түрк элинин жашоо турагы) – буларды ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү максатында ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген.
Чочунбаева Динара Кыргызстандын, Тажикстандын, Грузиянын жана Түркиянын кол өнөрчүлүк тармагына байланыштуу бир нече изилдөөлөрдү жүргүзгөн. “Шырдак – кыргыз кийиз килеми” аттуу альбомдун жана бир катар макалалардын автору.
2012-2016-жылдар аралыгында Борбор Азия боюнча Азия-Тынч океан аймагынын Бүткүл дүйнөлүк кол өнөрчүлүк кеңешинин вице-президенти болуп иштеген, ал эми 2017-жылы WCC-APR онлайн басылмасынын – “Азия кол өнөрчүлүгүнүн энциклопедиясынын” Борбор Азия боюнча координатору болгон.
2018-жылы Кыргызстанда материалдык эмес маданий мурастын негизинде ишкердикти өнүктүрүп жаткан жаш ишкерлерди колдоого багытталган “Creative Spark” долбоорунун эксперти болгон.
2024-жылдан бери “Кыргыз Республикасында салттуу кол өнөрчүлүк буюмдарын өндүрүү жана алардын санариптик маркетинг дареметин жогорулатуу аркылуу маданий туризмди өнүктүрүү” долбоорунун (ODA) (2023-2026-жж.) алкагында Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлөргө окутуу тренинг жүргүзүп келген. Билим берүү жана маданият тармагындагы ишмердиги үчүн мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктарга ээ.
Кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн жүздөн ашуун буюмдарын дүйнөлүк сапат стандарттарына жеткирип, эл аралык рынокко алып чыккан Динара Чочунбаева “Даңк” ордени менен сыйланган.
Сиңирген эмгеги үчүн ага “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер”, Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги” деген ардактуу наамдар берилген.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы, КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык “Шериктештик жылдызы” сыйлыктарына ээ болгон.
Кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүн дүйнөгө тааныткан Чочунбаева Динара Илимбековнанын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги анын үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.