30-майда Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Кыргыз Республикасынын эл артисти Шайгүл Алсеитованын чыгармачылык ишмердүүлүгүнүн 50 жылдыгына арналган салтанаттуу кеч өттү.
Өнөр майрамында Шайгүл Алсеитова өзү эмгектенген театр сахнасындагы белгилүү ролдорунан үзүндүлөрдү кесиптештери менен биргеликте аткарды.
Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Медетбек Букуев, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Канатбек Калдаралиев, Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов, актрисанын Ташкенттеги А.Н. Островский атындагы Театралдык институттагы чогуу окуган курсташтары, Талас жана Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрларынын жетекчилери, кесиптештери жана жакындары катышты.
Иш-чаранын расмий бөлүгүндө ардактуу меймандар тарабынан куттуктоо сөздөрү айтылып, актрисанын өлкөбүздүн театр маданиятына кошкон салымы белгиленип, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Ысык-Көл облусунун “Эмгек каарманы”, Ак-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын “Ак-Суу районунун ардактуу атуулу” наамдары, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун жогорку даражадагы алтын медалы, Кыргызстан театр ишмерлери союзунун Даркүл Күйүкова атындагы республикалык сыйлыгы тапшырылды.
Эске салсак, 29-майда КРнын эл артисти Шайгүл Алсеитованын чыгармачылыгынын 50 жылдыгына арналып Ф. Зеллер, М. Байжиев жана К. Акматовдун чыгармаларына инверсияланган, режиссёр Уланмырза Карыпбаев сахналаштырган “Эне” спектакли көрсөтүлгөн.