МАДАНИЯТ МИНИСТРЛИГИ “МЕЙКИН АЗИЯ” IV ФЕСТИВАЛЫНЫН ПРОГРАММАСЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫРДЫ
Чолпон-Атада 20-22-июль күндөрү IV Ысык-Көл эл аралык эстрадалык музыка аткаруучуларынын "Мейкин Азия" фестивалы өтөт. Мындан улам, бүгүн, 17-июль күнү Маданият,маалымат жана жаштар саясаты министрлиги массалык маалымат каражаттары үчүн “Кабар” маалымат агентигинде басма сөз жыйынын уюштурду. Ага министрдин орун басары Тимурлан Ажымалиев жана калыстар тобунун мүчөсү Ырыскелди Осмонкулов катышты. Анда фестивалдын программасы, өзгөчө коноктор, катышуучулар жана иш-чаранын мааниси тууралуу маалымат берилди.
Бул фестиваль Азия менен Европанын 25тен ашуун өлкөсүнөн келген таланттуу артисттерди дагы бир жолу чогултат. “Мейкин Азия” эл аралык Ысык-Көл фестивалынын максаты - бул жаш таланттарды таанытуу жана колдоо максатында уюштурулган эл аралык музыкалык фестиваль. Ал Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан 2013-жылдан бери өткөрүлүп келет. Буга чейин 2013-2015-2023-жылдары өтсө, быйыл төртүнчү ирет өтүү алдында турат. Белгилүү болгондой бул иш-чара Кыргызстанда гана өткөрүлөт.
Фестивалдын ардактуу коноктору I "Мейкин Азия" фестивалынын жеңүүчүсү, белгилүү ырчы Димаш Кудайберген, ошондой эле азыркы учурдагы популярдуу Ay-Yola тобу жана Sevak болот.
“Мейкин Азия” фестивалы — бул музыка аркылуу элдердин достугун жана маданий диалогду чыңдоого багытталган өзгөчө платформа. Фестивалда концерттер, мастер-класстар, маданий иш-чаралар жана башка кызыктуу программалар камтылган.