СОЮЗБЕК НАДЫРБЕКОВ КИТЕПКАНАЛАРДЫН АБАЛЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ
Министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков Бишкектеги эң ири китепканалардын азыркы абалы менен таанышты. Алсак, Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканага, К. Баялинов атындагы Республикалык балдар, жаштар китепканасына жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик китепканасын кыдырып чыкты.
Алгач, министрдин биринчи орун басары китепканалардын имаратынын айланасына жана сырткы көрүнүшүнө маани берди. Андан соң, ички абалы, материалдык-техникалык базасы, китеп сактоо бөлмөлөрү, окуу залдары, жер төлө жана чатырдын абалын текшерди.
Алдыда китепкана тармагынын ишин жаңылоо, коворкинг аянттарын түзүү, кызматтарды жакшыртуу жана ребрендинг жүргүзүү пландалууда.