Айсулуу Тыныбекова Азиянын алты жолку чемпиону болду

Апрель 14, 2024 - 19:58
Апрель 15, 2024 - 00:54
 43
Айсулуу Тыныбекова Азиянын алты жолку чемпиону болду
Кыргызстандын кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын жеңүүчүсү болду
Ата мекендик спортчу 62 кг чейинки салмакта Айсулуу Тыныбекова алгачкы беттешин 1/4 финалдык баскычтан баштады. Анда Түштүк Корея өлкөсүнөн келген Субин Жо атту балбан кызды 6:0 эсеби менен утуп келе жатып “туше” ыкмасын колдонуп таза жеңишке жетти. Жарым финалда монголиялык Тсеренчимед Сукхени 13:3 эсебинде жеңип финалга жолдомо алды. Ал эми чечүүчү алтын үчүн беттеште япониялык Сакура Мотокини 9:6 эсебинде артта калтырды.
Эске салсак, ушуну менен Айсулуу Тыныбекова алтынчы ирет Азия чемпиону аталды. Мындан сырткары, Дүйнө чемпионаттарынын 3 жолку чемпиону, Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси.