Бүгүн, 22-февралда Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовду эмгек жамаат сый-урмат менен жылуу маанайда узатышты.
Алтынбек Максутов өз кезегинде, 2,5 жыл ичинде министрлик алгылыктуу иштерди аткарганын, ал иштер токтобой улантылышы керектигин белгилеп, эмгек жамаатка ыраазычылыгын билдирди.
Ал
2022-жылдын 3-октябрында министр болуп дайындалган. Ошондой эле 2014-2016-жылдары да бул кызматты аркалаган.
Максутов саясий ишмер гана эмес, театр актёру, режиссёр катары белгилүү инсан. Кыргыз Республикасынын эл артисти. Өз ишмердүүлүгүндө Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын көркөм жетекчиси, эл аралык “Кийиз дүйнө” фестивалынын, “Макал Арт” чыгармачыл тобунун уюштуруучусу жана “Көчмөндөр оюнунун” башкы режиссеру катары иш алып барган.