Министрдин милдетин аткаруучу Мирбек Мамбеталиев эмгек жамаатка тааныштырылды

Февраль 22, 2025 - 15:36
Февраль 22, 2025 - 16:54
 10

Бүгүн, 22-февралда Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин милдетин аткаруучу болуп жаңы дайындалган Мирбек Кемелович Мамбеталиев аппараттын эмгек жамаатына жана министриликке караштуу мекемелердин жетекчилигине тааныштырылды.

Аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов тааныштырып, алдыда ишке ашыра турган милдеттер турганын белгилеп, жоопкерчиликтүү ишине ийгиликтерди каалады.

Мирбек Мамбеталиев 1980-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясын аяктаган.

Эмгек жолун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ишкердикти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиясы, финансы-экономика бөлүмүндө жетектөөчү адис кызматынан баштаган.

Андан соң, “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” акционердик коомунун финансы-экономика бөлүмүндө жетектөөчү адис, башкы адис, сектор башчы, бөлүм башчы кызматын аркалаган.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинде, Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында эмгектенген.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына караштуу “Кыргыз Республикасынын Президентинин №2 Мамлекеттик Резиденциясы мамлекеттик мекемесинде жана №1 Мамлекеттик Резиденциясы мамлекеттик мекемесинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасында иштеген.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнда иштеп жаткан.