Бүгүн, 3-майда, Ысык-Көлдүн жээгинде салтка айланган Шанхай кызматташтык уюмунун “Run the Silk Road” марафону болуп өттү. Аталган марафон жыл сайын Кыргызстандан жана башка өлкөлөрдөн келген миңдеген жөө күлүктөрдү чогултат.
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, ошондой эле Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Айбек Абдумомунов катышты.
Марафонго жалпысынан 20 мамлекеттен 3 миңге жакын спортчу катышты.
Бардык аралыктардын старт жана финиши Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо уюштурулду. Катышуучулар 42,2 км классикалык марафондо, 21,1 км жарым марафондо, ошондой эле 10 км, 3 км, скандинавиялык басуусу жана балдар арасында өткөн жарыштарда күч сынашты.
Абсолюттук эсеп боюнча жеңүүчүлөр жана байге ээлери акчалай сыйлыктарга ээ болушту:
• Марафон (42,2 км): 200 000, 140 000 жана 100 000 сом;
• Жарым марафон (21,1 км): 70 000, 50 000 жана 30 000 сом.