Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров СССРдин Эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин 75 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

Январь 27, 2024 - 13:40
Январь 27, 2024 - 18:46
 0  91

СССРдин эл артисти, балетмейстер Чолпонбек Базарбаевдин туулган күнүнүн 75 жылдыгына арналган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров катышты.
МинКаб Төрагасы Чолпонбек Базарбаев – Борбордук Азияда эркектер арасынан балет өнөрүндөгү жападан жалгыз СССРдин Эл артисти наамын алган гениалдуу, өзгөчө таланттуу балет бийчиси болгонун белгиледи.
“Ал улуттук театралдык, хореографиялык искусствонун калыптанышына, көчмөн кыргызда балет өнөрүн – классикалык деңгээлине чыгарып, аны руханий мурас катары өнүгүшүнө эгебейсиз зор салым кошкон инсан.
Чолпонбек Базарбаев КМШ жана дүйнөлүк сахналарда кыргыз жүзүн татыктуу тааныткан. Россиянын Президентинин маданият боюнча кеңешчиси, экс-маданият министри Михаил Швыдкой: “Чолпонбек Базарбаев “бийдин кудайы” болчу” деп эң жогорку баасын берген, аны баарыңыздар уккансыздар. Анын талантына, табият берген сымбатына – француздар, англичандар суктанышкан, “керемет бийдин генийи” деп аташкан. Чолпонбек Базарбаевдин жылдызы жанып турган мезгил кыргыз бий искусствосунун алтын доору болгон. Анын өмүрү, чыгармачылыгы жана ишмердүүлүгү келечектин ээси болгон жаштарга үлгү жана өрнөк. Калтырып кеткен чыгармачылык мурастары улутубуздун көөнөрбөс байлыгы болуп кала берет”, - деди ал.
Акылбек Жапаров өз сөзүндө мамлекет маданият тармагына өзгөчө көңүл буруп жатканын айтып, музыкалык инструменттерди жана кийимдерди жаңылоого каражаттар бөлүнгөнүн, эмгек акы жогорулаганын белгиледи.
“Биз сиздерден кыргыз маданиятынын, искусствосунун жаңы доорун жаратаарыңыздарга ишенебиз” деген Акылбек Жапаров, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги театралдык искусствону мындан ары өнүктүрүү боюнча бир катар чараларды көрүшү керектигин кошумчалады. Анда башкаруу системасын өзгөртүү, репертуардык саясатты бекемдөө, техникалык базаны чыңдоо, маданият мекемелеринин билет сатуу жагын электрондоштуруу, кадрларды максаттуу даярдоого чакырды.