Кыргыз маданияты жана адабияты оор жоготууга учурады

Январь 26, 2024 - 23:14
 0  66
Кыргыз маданияты жана адабияты оор жоготууга учурады
Кыргыз-тажик жазуучусу, котормочу, публицист жана журналист Мирзохалим Каримов 72 жаш курагында узак оорудан улам каза болду.
Даңк медалынын ээси, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар Союзунун мүчөсү Мирзохалим Каримов 1952-жылы Тажик Республикасынын Жерге-Тал районуна караштуу Бүтөө-Көл айылында жарык дүйнөгө келген.
1969-жылы кыргыз орто мектебин аяктап, 1971-1973-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн.
Эмгек жолун 1973-жылы Жерге-Тал райондук керек-жарак коомунда айдоочу болуп баштаган.
1978-жылы Кыргызстанга келип, Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүнө тапшырып, 1983-жылы аяктаган.
1984-жылга чейин Жерге-Тал районундагы тажик жана кыргыз тилдеринде чыгуучу райондук «Коммунист» гезитинде кабарчы, бөлүм башчы болуп иштеген.
“Советтик Кыргызстан” (азыркы “Кыргыз Туусу”), андан кийин Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын “Эл жарчысы” гезиттеринде кабарчы, бөлүм башчы, Иран Ислам Республикасынын Эл аралык “Альхудо” басмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүндө котормочу, “Азаттык” радиосунда штаттан тышкаркы кабарчы, “Жаңы кылым” гезитинде редактордун орун басары болуп иштеген.
М.Каримовдун “Чыныгы сүйүү” деп аталган алгачкы аңгемеси 1978-жылы “Кыргызстан маданияты” жумалыгында жарыяланган.
Студент кезинде эле анын аңгемелери, очерктери, өзбек, тажик тилдеринен которгон адабий эмгектери республикалык гезиттерде, “Ала-Too” ж.б. журналдарда жарыяланып турган.
1983-жылы “Мажүрүм тал” аттуу аңгемелер жыйнагы “Мектеп” басмасы тарабынан басылып чыккан. “Кыя жолдор”, “Жер жылдызы”, “Каратегин”, “Тажикстандык кыргыздар”, “Зындан”, “Алтын көпүрө”, “Кыз күйүтү” аттуу аңгеме, повесть, публицистикалык китептери жарык көргөн.
М.Каримов «Тажик жазуучуларынын повесттери жана аңгемелери» деп аталган котормо китебин түздөн-түз тажик тилинен которгон.
Ш.Садыбакасовдун “Ак боз ат” драмасын өзбек тилине, кыргыз-тажик акыны А.Абдуразаковдун “Өмүр өтсүн сени деп” ырлар жыйнагын “Апендинин жоруктары”, Хадис. Мухаммад пайгамбардын осуяттары, С.Давлатов “Мен жана акча”, Фазлиддин Мухаммадиев “Биздин Чыңгыз” китептерин которгон.
Омар Хаямдын рубаилерин кыргыз, орус, өзбек, тажик, англис, фарсы тилдеринде түзгөн. “Ата-бабалар табериги” кыргыздын үрп-адат, каада-салт, адеп-ахлак, ырым-жырым жана жөрөлгөлөр жыйнагын түзгөн. Тажикстандык кыргыздар: Диалектологиялык түшүндүрмө сөздүк, оозеки чыгармалар, макал-лакаптар, очерктер, маектер.
2005-жылы мыкты аңгемелер сынагынын жеңүүчүсү, 2006-жылы мыкты аңгемелер жыйнагы үчүн 1-даражадагы Диплом, “Азаттык медиа” мекемеси уюштурган “Мен билген Айтматов” сынагына катышкандыгы үчүн Ардак грамота менен сыйланган.
Кыргыз адабиятына кошкон салымы мамлекет тарабынан бааланып, 2017-жылы “Даңк” медалы ыйгарылган.
Жазуучу, котормочу, публицист жана журналист Мирзохалим Каримовдун дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу жакындарына көңүл айтабыз.
А.А. Максутов, Т.М. Ажымалиев, Ч. Эсенгул уулу, А.А. Аскарова, М.Т. Тагаев, Н.Ө. Калыбеков, А.Ж. Жакшылыков, Т.С. Самидинов, К.Ж. Жусупов, Ө.Д. Даникеев, С.Ж. Жетимишов, А.Р. Рыскулов, К.Ж. Жусубалиев, М.А. Ааматов, Ш.Д. Дуйшеев, К.А. Ашымбаев, Т.М. Мамеев, М.А. Абакиров, К.Б. Бакиров, А.Ө. Өмүрканов, Н.А. Алымбеков, М.М. Мамазаирова, Т.З. Закирова, С.А. Акматбекова, Т.Т. Казаков, Ж.О. Кулмамбетов, С.Г. Суслова, ж.б.