Катар мамлекетинде Кыргызстандын маданият күндөрү өтүп жатат

Январь 22, 2024 - 20:21
Январь 24, 2024 - 18:22
 98

Катар мамлекетинде өтүп жаткан Кыргызстандын маданият күндөрү 22-январда башталды.
Маданият күндөрүнүн ачылышына Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов жана Катар Мамлекетинин Маданият министри шейх Абдулрахман бен Хамад бин Джассим бин Хамад Аль Тани мырза күбө болушту.
Кыргызстандан келген маданият өкүлдөрү Доха шаарынын тургундарына жана аталган шаарда жашап жаткан кыргызстандыктарга маданий программаны "ЭКСПО-2023 Доха" жарманкеси орун алган аймактагы маданий борбордо тартуулашты.
Эске салсак, чыгармачыл топтун курамында А. Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисттери, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын, Ч. Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрынын, Кыргыз мамлекеттик “Учур” жаштар театрынын, Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын актёрлору, Чалагыз Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамбли, Нурдин Түгөлов атындагы мамлекеттик “Ак Марал” бий ансамбли бар.