2025-жылдын 4–8-июнунда Япониянын ири мегаполистеринин бири — Осака шаарында дүйнөнүн эң ири эл аралык иш-чараларынын бири болгон “ЭКСПО 2025 – Осака” дүйнөлүк көргөзмөсү өтөт. Бул көргөзмөгө дүйнөнүн булун бурчунан келип катышышат. Алардын катарында Кыргызстан дагы бар.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жетектеп барат. Делегация курамына маданият өкүлдөрү, чыгармачыл топтор ж.б. кирет.
Көргөзмөнүн алкагында 6–7-июнь күндөрү Кыргыз Республикасынын Улуттук күнү белгиленет. Бул күндөрү Японияда жашаган мекендештер, япон көрөрмандары жана көргөзмөнүн бардык катышуучулары үчүн атайын даярдалган кеңири маданий программа тартууланат.
Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз элинин көөнөрбөс оозеки мурастарынын бири болгон “Манас” эпосун даңазалаган манасчылар өнөрүн тартуулашат. Кыргыз эстрадасынын көрүнүктүү өкүлдөрү жана “Үркөр” музыкалык ансамбли замандын талабына шайкеш келген, ошол эле учурда улуттук колоритти чагылдырган чыгармаларын аткарышат. Кичинекей балдардын сүймөнчүлүгүнө айланган “D Billions” тобу өз өнөрлөрүн сунушташат. Ошондой эле, “Дилбар” мода үйүнүн айымдар коллекциясынын көргөзмөсү көрсөтүлөт.
Мындан тышкары, улуттук тамак-аштардын түрү сунушталып, коноктор кыргыз ашканасынын өзгөчөлүктөрү менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.
Бул көргөзмө Кыргызстан үчүн өзүнүн тарыхый, маданий жана руханий мурасын эл аралык аренада даңазалоого чоң мүмкүнчүлүк түзөт.