Руслан Искеновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү

Май 15, 2024 - 22:13
 16
Руслан Искеновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү
Руслан Искеновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү
Руслан Искеновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү
Бүгүн, 15-майдаСССРдин жана Кыргыз Республикасынын спорттук самбо Жана эркин күрөш боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Руслан Искеновду акыркы сапарга узатылды.
Зыйнатына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев жана анын санаалаштары, замандаштары жана жакындары катышты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият министринин орун басары Марат Тагаев, Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев, Күрөш федерациясынын Президенти Мелис Турганбаев, кесиптештеринин атынан Нурдин Донбаев, окуучуларынын атынан Темир Сариев, жакындарынын, туугандарынын атынан ⁠бир тууганы Турсунбек Өмурзаков сөз сүйлөп, Руслан Искенов Билим берүү министрлигинин Балдар Өспүрүмдөр Спорт Мектебинин директору болуп иштеген мезгилинде республиканын агартуу министрлигинин тутумунда республиканын бардык облустарында, шаарларында жана райондорунда спорт мектептерин ачууга жетишкенин, агайдын тарбиялоонучулары көптөгөн эл аралык мелдештерде, Азия жана Дүйнө чемпионаттарына катышканына токтолушуп, дегеле анын спортко анын ичинен самбону өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилеп өтүштү.
Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.
Руслан Сырдыбаевич 1940-жылы Ош шаарында төрөлгөн. 1959-жылы Нарын шаарынын Токтогул атындагы орто мектебин аяктаган. Ошол эле жылы Кыргыз Мамлекеттик университетине тапшырып 1962-жылы аяктаган.
Руслан Сырдыбаевич Кыргыз ССРнин 12 жолку жана студенттер арасында СССРдин 2 жолку чемпиону. Бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү болгон.
1966-1972-жылдары Кыргыз ССРнин балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде директору, 1972-жылдан тарта 1981-жылына чейин азыркы Ш.Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжинде директордун орун басары болуп эмгектенген.
1989-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын самбо федерациясын жетектеген. 1995-жылы Дүйнөлүк самбо федерациясынын башкы катчысы болуп шайланган.
1993-жылы дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери” наамы ыйгарылган. 1997-жылы “Даңк” медалы менен сыйланган.
Спорт тармагында жылдызы жанган кайталангыс талант Искенов Руслан Сырдыбаевичтин жаркын элеси түбөлүккө эсибизде сакталат.