Маданият министрлиги менен “Дүйнөлүк адабият институту” коомдук бирикмеси кызматташуу меморандумуна кол коюшту

Июль 15, 2024 - 16:39
Июль 16, 2024 - 16:41
 14
Маданият министрлиги менен “Дүйнөлүк адабият институту” коомдук бирикмеси кызматташуу меморандумуна кол коюшту
2024-жылдын 15-июль күнү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен “Дүйнөлүк адабият институту” коомдук бирикмеси эки тараптуу өз ара кызматташуу Меморандумуна кол койду.
Меморандумга Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов жана “Дүйнөлүк адабият институту” коомдук бирикмесинин директору Нурлан Калыбеков кол коюшту.
Меморандумдун максаты котормонун сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуунун теориялык жана методологиялык негиздерин иштеп чыгууну ишке ашырууда өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана тараптардын ортосундагы узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат. Тилдик котормолордун максаты – маалыматты бир тилден экинчи тилге так жана жеткиликтүү которуу, түп нуска текстти максаттуу аудиторияга ылайыкташтыруу менен бирге анын көркөмдүк баалуулугун жана эстетикалык таасирин сактоо.
Меморандумда котормолордун сапатын камсыз кылууга жана адистердин ортосунда тажрыйба алмашууга багытталган тренингдерди, семинарларды жана башка иш-чараларды биргелешип өткөрүү каралган.