Акын, журналист жана Советтер Союзунун Баатыры Муса Жалилдин стеласы ачылды

Июль 16, 2024 - 19:25
 14

Бүгүн, 16-июлда Бишкек шаарындагы №29 мектеп-гимназиясында акын, журналист, Советтер Союзунун баатыры жана согуш кабарчысы Муса Жалилдин стеласынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Татарстандын премьер-министринин орун басары Василь Шайхразиев, Россотрудничество өкүлчүлүгүнүн башчысы Альберт Зульхарнеев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү жана “Туган Тел” татар-башкыр маданий борбору коомдук бирикмесинин өкүлдөрү катышты.
“Бул стела эркиндик үчүн биргелешип күрөшкөн элдердин биримдигинин жана ынтымагынын символу. Муса Жалил өзүнүн эрдиги жана чыгармачылыгы менен миллиондогон адамдардын жүрөгүн бириктирип, кыйын мезгилде жазылган ырлары көпчүлүккө күч кубат жана үмүт берди. Элдин чыныгы күчү анын биримдигинде жана ынтымагында экенин далилдеди. Андыктан келиңиздер биздин эркиндик үчүн күрөшкөндөрдүн элесин түбөлүккө сактап, келечек муундарга өткөрүп берели”- деди Эдиль Байсалов стеланын ачылуу аземинде.
Иш-чаранын аягында катышуучулар талантка таазим кылышып, стелага гүл коюшту.
Маалымат үчүн: Муса Мустафович Жалил - (Жалилов, Залилов) – татар акыны, Советтик Союзунун Баатыры.
Москва Мамлекеттик Университетинин (МГУ) Адабият факультетин бүтүргөн (1931). ВЛКСМ БКнын татар балдар журналынын редактору (1931–41). Чыгармачылыгы 1919-жылдан башталган. 1925-ж. алгачкы «Биз баратабыз» деген ырлар жана поэмалар жыйнагы чыккан. «Өткөн жолдор» (1924–29), «Эпкиндүү партизан» (1930), «Кат ташыгыч» (1940) жана башка ырларында ошол кездеги жаштардын эпкиндүү эмгегин даңазалаган. «Алтын чач» (1941; СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1948) жана «Ильдар» (1941) операларына либретто жазган. «Моабит дептери» ырлар цикли (1957, Лениндик сыйлыгы) – адамдардын каармандыгынын жана туруктуулугунун гимни. 1968-ж. ал жөнүндө «Моабит дептери» аттуу фильм тартылган. 1943-ж. жарадар болуп туткунга түшкөн. 1944-жылы фашисттик түрмөдө өлтүрүлгөн.