Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, жана жаштар саясаты министрлиги жана Азия-Тынч океан аймагындагы материалдык эмес маданий мурастардын эл аралык маалыматтык-тармактык борбору менен бирдикте ЮНЕСКО (ICHCAP) колдоосу астында Кыргыз Республикасынын кол өнөрчүлөрүнүн арасында Корея Республикасында 3-ай окутуу программасына катышуу үчүн ачык конкурс жарыялайт.
Сынак салттуу маданиятты жайылтуу, Кыргыз Республикасынын кол өнөрчү өндүрүүчүлөрүн колдоо жана Түштүк Кореянын кол өнөрчүлөрү менен тажрыйба алмашуу аркылуу потенциалды жогорулатуу максатында өткөрүлүүдө.
Сынак эки этапта өткөрүлөт: катышуучуларды улуттук деңгээлде тандоо жана Кореялык уюштуруучулар тарабынан акыркы тандоо.
Катышуу үчүн арыздар 2025-жылдын 8-июнуна чейин гугл форма аркылуу жана электрондук почта аркылуу кабыл алынат:
psckyrgyz@gmail.com
Талапкерлерге коюлган талаптар:
- 45 жашка чейинки талапкерлер;
- кыргыз салттуу кол өнөрчүлүгүн сактоо жана жайылтуу боюнча 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
- салттуу кол өнөрчүлүктүн заманбап интерпретациясын практикалаган жана келечекте өнүгүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон кол өнөрчүлүккө байланыштуу тармактардагы бүтүрүүчүлөр;
- автордук иштердин болушу;
- толтурулган өтүнмөнүн формасы (төмөнкү шилтемеде)
Өтүнмөгө тиркелиши керек:
- Резюме (pdf): Айрым көргөзмөлөрдүн, долбоорлордун, резиденциялардын, сыйлыктардын тизмеси жана окуу тажрыйбасы;
- Портфолио (pdf): Аталышы, кыскача сүрөттөмөсү, жогорку сапаттагы сүрөттөргө жана видеолорго шилтемелери бар 10го чейин эмгек;
- Маданият жана искусство тармагында кандайдыр бир уюмдун иши/мүчөлүгү жөнүндө күбөлүк (Корея визасы үчүн зарыл);
- ID жана чет өлкө паспорттун көчүрмөсү;
- 86 формасы боюнча ден соолук тууралуу справка.
Өтүнмө тиркемесиз каралбайт! Сынактын жыйынтыгын чыгаруу жана тандоонун эки этабынан өткөндөрдүн акыркы тизмесин жарыялоо 2025-жылдын июндун ортосуна чейин жүргүзүлөт.
1. Гугл форма кыргызча жана орусча: