Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын башкы, улук жана кенже топторуна кадрлардын резервине кирүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

Май 16, 2025 - 17:41
 7

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын топторуна жалпы квалификациялык талаптар:

Башкы административдик кызмат орундарынын топтору үчүн:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө»;
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын «Ченемдик укуктук актылар жөнүндө» мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын «Маалымат алуу укугу жөнүндө» мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Улук топтогу административдик кызматтар үчүн:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын «Ченемдик укуктук актылар жөнүндө» мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Кенже топтогу административдик кызматтар үчүн:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн:
Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү деңгээли;
Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү (Word, Excel, Маалыматтык-укуктук система «ТОКТОМ Мамлекет Про»).

1. Квалификациялык талаптар:

1) Башкы топтогу административдик кызматтар үчүн:

Жогорку билим төмөнкү багыттар боюнча: «Маданият жана искусство», «Гуманитардык илимдер», «Экономика жана башкаруу», «Социалдык илимдер», «Техникалык илимдер», «Педагогикалык билим берүү», «Маалыматтык технологиялар», «Эсептөө техникасы жана маалыматтык технологиялар»;
жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы.

2) Улук топтогу административдик кызматтар үчүн:
Жогорку билим төмөнкү багыттар боюнча: «Маданият жана искусство», «Гуманитардык илимдер», «Экономика жана башкаруу», «Социалдык илимдер», «Техникалык илимдер», «Педагогикалык билим берүү», «Маалыматтык технологиялар», «Эсептөө техникасы жана маалыматтык технологиялар»;
Жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
2.1) Мамлекеттик сатып алуулар багыты боюнча улук топ үчүн:
Жогорку билим: «Маданият жана искусство», «Гуманитардык илимдер», «Экономика жана башкаруу»;
Жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу боюнча сертификаттын болушу.
3) Кенже топтогу административдик кызматтар үчүн:
Жогорку билим төмөнкү багыттар боюнча: «Маданият жана искусство», «Гуманитардык илимдер», «Экономика жана башкаруу», «Социалдык илимдер», «Техникалык илимдер», «Педагогикалык билим берүү», «Маалыматтык технологиялар», «Эсептөө техникасы жана маалыматтык технологиялар»;
Иш стажына талап коюлбайт.

2. Тармактык мыйзамдарды билүү боюнча талаптар:

Башкы топ үчүн:

«Маданият жөнүндө» мыйзам;
«Китепканалар жөнүндө» мыйзам;
«Музейлер жана Музей фонду жөнүндө» мыйзам;
«Материалдык эмес маданий мурас жөнүндө» мыйзам;
«Билим берүү жөнүндө» мыйзам;
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
«Жаштар жөнүндө» мыйзам;
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №251 токтому «Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты маселелери жөнүндө»;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы №233 токтому менен бектилиген «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө».

Улук топ үчүн:

Кенже топ үчүн:

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер папкага тиркелип тапшырылышы керек:

Жеке арызы;
Фото менен резюме (байланыш телефону жана электрондук почтасы көрсөтүлүшү зарыл);
Өмүр баян (автобиография);
Соттолбогондугу тууралуу маалымкат;
кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
Паспорттун көчүрмөсү.
Сынакка катышуучу адамдар кошумча сунуш каттарды бере алышат.
Ачык сынакка андан ары катышуу үчүн документтери коюлган талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так көрсөтүлүшү керек.

Документтер 2025-жылдын 15-майынан 28-майына чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

Бишкек шаары, Пушкин көчөсү 78, 106-кабинет. Байланыш телефону: 62-36-39.
Жумуш убактысы: саат 9:00дөн 18:00гө чейин. Түшкү тыныгуу: 12:30дан 13:30га чейин.

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды көрсөткөн жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.