Бүгүн, 17-майда, Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Эл аралык музейлер күнүнө арналган жана салтка айланган “Музейлер түнү” маданий иш-чарасы болуп өттү.
Музей түнү — маданият менен искусствону кеңири жайылтууга багытталган масштабдуу ачык иш-чара. Саат 20:00дөн таңкы 03:00гө чейин музей борбор калаанын чыгармачыл жана руханий борборуна айланып, келген конокторду сүрөт өнөрү, кол өнөрчүлүк, заманбап искусство жана музыка дүйнөсүнө жетеледи.
Программа алкагында төмөнкүдөй кызыктуу бөлүктөр уюштурулду:
Кийиз, акварель, сайма жана чопо өнөрү боюнча мастер-класстар, арт-терапия сабактары;
Кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн интерактивдүү инсталляциялары;
Khan Bazaar жармаңкеси жана көчмө тамак-аш бурчтары;
“Музейдеги музей 9.0” аттуу мультимедиялык көргөзмө, ошондой эле Умар Раджабов менен Алмаз Шаршекеевдин “Тандем” аттуу автордук долбоору;
Музыкалык жандуу аткаруулар — комуз, ханг, диджериду, синтезаторлор катышкан эксперименталдык музыкалык перформанстар;
Сүрөт боюнча квиз, санарип искусство боюнча лекциялар жана образдар сынагы.
Музей түнүнүн өзгөчө кооз учуру катары Венгриядан келген сүрөтчүлөрдүн сайма боюнча мастер-классы жана көргөзмөсү, ошондой эле Tangokana танго коомчулугунун перформанстары көрүүчүлөрдүн чоң кызыгуусуна арзыды.