Бүгүн, 17-майда Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Гүлайым Каниметованын чыгармачылыгынын 60 жылдыгына арналган театр жумалыгы жыйынтыкталды.
Алгач, режиссёр Уланмырза Карыпбаев сахналаштырган башкыр элинин улуу акыны, драматург-жазуучусу Мустай Каримдин “Ай тутулган түндө” спектакли көрүүчүлөргө тартууланды. Аталган трагедия салттан аттап кете албаган учур менен аруу махабатты чагылдырат.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Каныбек Адиев, маданият жана искусство ишмерлери, театр күйөрмандары катышты.
Алар тарабынан Гүлайым Каниметованын чыгармачылыгынын 60 жылдыгына карата куттуктоо сөздөрү айтылып, анын искусствого чын дили менен кызмат кылганы белгиленип, Кыргыз Республикасынын Президентинин куттуктоо каты тапшырылды. Актриса эмгек жолун С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында баштап, үзүрлүү кызмат өтөгөн. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн “Ош облусунун ардактуу атуулу”, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Ысык-Көл облусунун “Эмгек каарманы”, Кыргызстан театр ишмерлер союзунун чечимине ылайык, союздун “Академиги” наамдары ыйгарылды.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Гүлайым Каниметованын чыгармачылыгынын 60 жылдыгына арналган театр жумалыгы 13-майда башталып, анын катышуусундагы ар кыл жандрдагы спектаклдер көрсөтүлдү.