Гүлайым Каниметованын чыгармачылык ишмердүүлүгүнүн 60 жылдыгына арналган конференция өттү

Май 17, 2025 - 20:37
Май 17, 2025 - 21:42
 9

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын эл артисти Гүлайым Каниметованын чыгармачылык ишмердүүлүгүнүн 60 жылдыгына арналган конференция болуп өттү.

Иш-чарага маданий ишмерлер, белгилүү режиссёрлор, театр адистери, актрисанын кесиптештери жана чыгармачылыкка кызыккан студенттер катышышты. Конференция эркин пикир алышуу маанайында өттү. Анын жүрүшүндө чыгып сүйлөгөндөр Гүлайым Каниметованын кайталангыс талантына, сахнадагы көркөм образына жана анын эл жүрөгүнөн орун тапкан чыныгы сахна жылдызы экенине токтолушту.

Актрисанын театрдагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги кыргыз сахна искусствосунун калыптанышына жана өнүгүшүнө чоң салым кошкону белгиленип, анын чыгармачылык жолу жаш муундар үчүн үлгү болору баса көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, ушул эле жуманын алкагында Гүлайым Каниметованын чыгармачылыгынын 60 жылдыгына арналган спектаклдер жумалыгы Токтогул Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтүп, анда актриса жараткан ролдор көрүүчүлөрдүн назарына тартууланууда.

Бугүн жумалыктын соңку күнү. Андан актриса катышкан режиссёр Уланмырза Карыпбаев сахналаштырган, Мустай Каримдин “Ай тутулган түндө” спектакли сунушталат.