Бүгүн Парижде Олимп оюндарынын ачылыш аземи болот

Июль 26, 2024 - 12:47
 43
Бүгүн Парижде Олимп оюндарынын ачылыш аземи болот
Бүгүн Парижде Олимп оюндарынын ачылыш аземи болот
Бүгүн Парижде Олимп оюндарынын ачылыш аземи болот
Бүгүн, 26-июлда Бишкек убактысы боюнча саат 23:30дө Франциянын борбору Парижде XXXIII Жайкы Олимпиаданын ачылыш аземи өтөт.
Анда Кыргызстандын желегин дзюдочу Эрлан Шеров көтөрүп чыгат.
Эске салсак, Кыргызстандын атынан 16 спортчу барат. Алардын ону грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча балбандар, эки спортчу дзюдо боюнча, дагы эки спортчу сууда сүзүү боюнча, бир спортчу бокс боюнча жана бир спортчу жеңил атлетика боюнча.
Олимп оюндарында 200дөн ашык мамлекеттен келген 10500 спортчу катышып, 329 комплект медаль ойнотулат.