Париж Олимпиадасы-2024: Кыргызстандык спортчулардын атаандаштары аныкталды

Июль 26, 2024 - 12:30
 58

Кыргызстандык дзюдочулар Эрлан Шеров (90 кг), Кубанычбек Айбек уулунун (66 кг) жана боксчу Мунарбек Сейитбек уулунун Олимпиада оюндарындагы биринчи атаандаштары белгилүү болду.
25-июлда Парижде чүчү кулак тартылып, анын жыйынтыгы менен Шеровдун биринчи атаандашы кубалык Иван Фелипе Силва болду. Шеров таймашты 1\16 финалдан баштайт. Ал 31-июлда килемге чыгат.
Дагы бир кыргыз дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу 1\16 финалдагы алгачкы кармашында украиналык Богдан Ядов менен күч сынаша турган болду. Ал беттешке 28-июлда чыгат.
Ал эми боксчу Мунарбек Сейитбек уулу биринчи беттешин 1\8 финалдык баскычтан баштайт. Анын атаандашы Куба өлкөсүнүн мушкери Орта Родригес Дель Рей Сайдель Иван болот. Мунарбек беттешин 28-июль күнү өткөрөт.
Мындан сырткары, Парижде өтө турчу Олимп оюндарында Денис Петрашов биринчи болуп 27-июль күнү 100 метр аралыкка сууда сүзүү боюнча мелдешке катышат.